Алдыдагы эки жыл аралыгында өлкөдөгү бардык чек ара тозоттору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт жана зарыл болсо жаңылары курулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев реконструкцияланган “Кемин” заставасынын ачылышында билдирди.
Жаңыланган чек ара тозоттун ачылышы салтанат менен коштолду. Бул Чүй өрөөнүндө толук оңдолгон биринчи объект. Имараттын дубалы эле калганы болбосо, толук сыйрылып кайра жасалган. Сантехника, жылытуу жана канализация системалары алмашылды. Суроо-талапка жараша кошумча унаа боксу, аткана, жайкы ашкана өңдүү курулуштар жүргөн. Мунун баары мамлекеттин аскерине көргөн камкордугу.
Мекенге чеп чек арачыларга мамлекет ар тараптуу колдоо көргөзүп келет. Июль айынан тарта офицерлер айлык акысынан тышкары колуна 20 миң сомдон ала баштады. Учкучсуз учактын адистерине 26 миң сом кошулду. Күздөн тарта башка категориядагы аскер адамдарын дагы акчасы көбөйөт. Ошондой эле турак жай менен камсыздоо иштери дагы башкы орунда турат.
Соңку жылдары чек ара чөйрөсүндө олуттуу кайра түзүүлөр жүрүп, заманбап жабдуулар, жаңы техника, курал-жарак жана учкучсуз учактар алынууда. Мекенди көздүн карегиндей коргогон аскер адамдарына шарт түзүү жана социалдык жактан колдоого мамлекет өзгөчө көңүл бурууда. Чек ара кызматынын директору Абдикарим алдыдагы эки жылда өлкөдөгү бардык чек ара тозоттору капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт деп билдирди.