"Ала-Тоо” аянтындагы Манастын айкели ачылды
Новость

“Ала-Тоо” аянтындагы Манастын эстелиги ачылып, ага расмий өкүлдөр катышты. Айкөл баатырдын башка эстеликтеринен айырмаланып, аты менен учуп баратканы чагылдырылган. Автор муну кыймыл аракеттеги, өнүгүү жолундагы Кыргызстанды туюндураарын белгиледи.

Манастын борбордук аянттагы жаңы айкели өкмөт өкүлдөрүнүн, маданият ишмерлеринин, шаар тургундарынын катышуусунда ачылды. Баатырдын баяны улуттун сыймыгы, биримдиктин символу. 

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Манастын образы жөн гана тарыхый же эпикалык кейипкер эмес экендигин баса белгиледи.

«Манас — бул жөн гана адабий каарман эмес. Бул — биримдикке, жаратуучулукка жана айкөлдүккө негизделген жандуу философия. Анын руху XXI кылымда да бизди шыктандырууда, айрыкча бүгүнкү мамлекетибиздин өнүгүү мезгилинде жана бардык багыттар боюнча өсүштүн шарттарында. Манас бизге уруш жана бөлүнүү менен эмес, биримдик, сабырдуулук жана адилеттүүлүк менен жеңүүнү үйрөтөт», — деди Байсалов.

Ал өз сөзүндө Манастын руханий мурасы менен азыркы улуттук сезимди бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясаттын ортосундагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурду.

«Манас курама журт чогултуп, улуу бириктирүүчүгө айланган, бүгүнкү күндө да биз ушул жолду улантып жатабыз. Кыргыз Республикасы — көп улуттуу жана көп диндүү өлкө. Жаңы монумент — бул Манастын руху бүгүн да бизге жол көрсөтүп жатканын эскерткен эстелик. Бул, өзгөчө, Президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган “Кыргыз жараны” мамлекеттик программасы менен үндөшөт. Бул багыт бардык кыргызстандыктарда, улутуна карабастан, бирдиктүү жарандык аң-сезимди жана инсандыкты тарбиялоого багытталган», — деп белгиледи ал.

Сөзүнүн соңунда Эдил Байсалов жаңы монументтин жаралышына салым кошкон тараптарга — шаар мэриясына, маданият министрлигине, айкелчи Тамила Маматаевага жана бүт чыгармачыл жамаатка терең ыраазычылык билдирди.

Бул Манастын жалгыз айкели эмес. Кыргызстандын, ал тургай дүйнөнүн булуң-бурчунда баатырдын эстелиги бар. Бирок, өлкөнүн баш калаасынын борбордук аянтындагы айкели өзгөчөлөнүп турушу керек. Баатыр минип турган ат учуп бараткандай элес калтырганы бекеринен эмес. Автор муну менен өнүгүү жолундагы Кыргызстанды туюндургусу келген. Айкелдин астындагы постаменттин жети алкактан турганынын да философиялык мааниси бар.  Автор бул эмгек менен бир жыл алектенди. Айкелди жасоого жалпысынан жыйырма адам катышкан.