Кыргызстанда кафежана ресторандар кардарлардан тамак-аш баасынан сырткары 15% чейин кошумча
тейлөө акысын алуу аракетине чек коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар”агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.
Анын айтымында, «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизилип жатат.
«Кайдан чыкканнерсе экенин түшүнбөйм – биздин кафе-ресторандар 15% тейлөө акысын кошуп алышкан. Бирок азыркы мыйзамдарда так тыюу жок болуп келген. Президенттинадминистрациясынын тапшырмасы менен Юстиция министрлиги менен биргеликте бул маселени мыйзамдык деңгээлде жөнгө салуу сунушун киргиздик. Негизи кардаркаалабаган кызмат үчүн акча төлөөгө милдеттүү эмес», – деди Орозбаев.
Анын маалыматына караганда, бул өзгөртүүлөр кардар өз алдынча сурабаган: музыка, жайлуулук,кошумча кызматтар жана башка ушул сыяктуу кызматтар үчүн акы алууну мыйзам менен тыюуга багытталган. Натыйжада, мындан ары мындай тейлөө акысы кардаргамилдеттүү эмес болуп калат.