Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет
Новость

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келерин бүгүн Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка караганда, сапардын алкагында визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Жолугушуулардан кийин эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалган.