УКМК тарабынан Мамлекеттик финансылык көзөмөл чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Эсептөө палатасынын инспектору тарабынан акча каражатын опузалап алуу боюнча маалымат алынган.
Алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.И.К. КРнын айрым чет өлкөлүк мекемелеринин ишине аудитордук текшерүү жүргүзүү боюнча кызматтык иш сапарында жүргөндө, финансылык мыйзам бузуулар аныкталды деген шылтоо менен КР дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынан акча каражатын опузалап жаткандыгы аныкталган.
Буга байланыштуу УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында опузалап талап кылуу фактысы тастыкталып, пара алуу процессуалдык түрдө бекитилген.
2025-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасына келгенден кийин “Манас” эл аралык аэропортунун чек ара көзөмөл зонасында Эсептөө палатасынын инспектору А.И.К. кармалып, аны жеке тинтүү учурунда пара катары мурда алынган акчалар табылып, алынган.
Кармалган жаран КМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.