Баткен облусундагы Кызыл-Кошуун-1 көрүстөнүн казуу учурунда археологдор болжол менен 2 миң жыл мурда каза болгон жоокердин сөөгүн табышты.
Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти. Маалыматка караганда, казуу иштери 2023-жылы башталып, азыркыга чейин 119 эски мүрзөнүн орду аныкталды.
Бул аймакта археологиялык изилдөөлөр акыркы жолу 1954-1960-жылдары жүргүзүлгөн. Археологдордун божомолу боюнча, табылган мүрзө гунн дооруна — Кара-Булак маданиятына таандык.
Сөөктүн жанынан кылыч жана найзанын калдыктары чыккан. Экспедициянын катышуучусу, студент Айдана Маматкаримова бул адам жоокер болушу мүмкүн экенин белгиледи. Адистердин баамында, жаңы табылгалар Баткендин гана эмес жалпы Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө чоң салым кошот.