Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн да адаттагыдай эле кезектеги ирет таңкы рейдке чыкты. Бул жолу ал Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына барып, калаадагы мекеме-ишкана жетекчилерин чогултуп, ачык асман алдыда көчмө аппараттык жыйын өткөрдү.
Анда жетекчилерге бир нече тапшырмалар жана талаптар коюлуп, жоопкерчилик менен ыкчам жумуштарды аткарууга милдеттендирди. Ошондой эле Жеңишбек Токторбаев эки жетекчиге кайрылып, алардан жан сакчылар менен жүргөндү токтотууну талап кылды.