14-июлдан тарта жогорку окуу жайлар жаңы окуу жылы үчүн абитуриенттерди кабыл алууну баштаганын бүгүн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кабыл алуу толугу менен электрондук форматта, www.2020.edu.gov.kg сайтындагы «Абитуриент Online» (АИС) маалыматтык системасы аркылуу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизинде жүргүзүлөт.
Бирок ЖОЖдордун арасында ЖРТ талап кылынбаган, кирүү сынактарын өздөрү өткөргөндөрү да бар. Алар:
- Кыргыз улуттук консерваториясы;
- Улуттук сүрөтчүлөр академиясы;
- Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы.
Төмөндөгү окуу жайларга (айрым адистиктерине) ЖРТ дагы, кошумча сынактар дагы талап кылынат:
- ИИМ Академиясы;
- Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институту;
- Борбор Азиядагы Америка университети;
- Борбор Азия университети;
- ЕККУ (ОБСЕ) Академиясы.