Камчыбек Ташиев Дүйнө кубогунда коло медалга ээ болгон мушкер Нурадин Рустамбек уулуна автоунаа белек кылды
Новость

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулун кабыл алды. Генерал-полковник спортчуну жеңиши менен куттуктап, ага автоунаа белек кылды. 


Ошондой эле төрага Рустамбек уулуна дагы да болсо күчтөнүп, дүйнөгө аты чыккан, өлкө желегин желбиреткен боксчу болуусун каалады. Камчыбек Ташиев спортчулардын ийгилиги үчүн мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо боло тургандыгын баса белгиледи.

 Өз кезегинде спортчу Нурадин Рустамбек уулу Камчыбек Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулу Дүйнө кубогунда 75 кг. чейинки салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалда англиялык спортчуну жеңген. 5-июлда Рустамбек уулу финалга чыгуу үчүн болгариялык спортчу менен беттешкен. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен болгариялык спортчу жеңүүчү деп табылган.

 Натыйжада Нурадин Рустамбек уулу 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон.