Бишкекте темир жолчулар үчүн жаңы турак жайдын курулушу башталды. Бүгүн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн салынуучу көп кабаттуу үйдүн курулушуна мезгил кутусу салынды.
Салтанатка Президенттин иш башкармалыгынын өкүлдөрү, мекеменин жетекчилиги жана темир жолчулар катышты. Лев Толстой көчөсүнүн боюндагы бул жаңы комплекс үч блоктон турат жана жалпы 285 батирди камтыйт. Анын ичинде бир, эки жана үч бөлмөлүүсү бар.
Бул долбоор Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашууда.