Жарандарга 2 сааттын ичинде паспорт алганга мүмкүнчүлүк берилди . Бишкекте Кыргызстан боюнча эң ири калкты тейлөө борбору ачылды. Анын аянты эки миң чарчы метрди ээлейт. Жаңы борбордо аймак аралык паспорт столу, Свердлов жана Аламүдүн райондорунун жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорт-визалык бөлүмдөрү жайгашкан.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин айтымында, борборду ачуунун эң негизги максаты - калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик каттоо кызматынын ишин жакшыртуу. Жылдын аягына чейин мындай борборлор Каракол, Баткен жана Ошто ачылат.