Азык аларда мөөнөтүнө көңүл буруңуз
Новость

Бишкектеги кээ бир ири соода жайларынан мөөнөтү коюлбаган жана мамлекеттик же расмий тилинде маалыматтар жазылбаган суусундуктар катталды. Мындай мыйзам бузууларды монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгы текшерүү учурунда аныктады.

Алар супермаркеттердин административдик бөлүмүнө жана суусундуктарды чыгарган компанияларга эскертүү берди. Эгерде 30 күндүн аралыгында эч кандай жыйынтык чыкпаса, айып пул салынат. Негизи, ар бир кардарга товардын жарактуу мөөнөтү жана анын курамы жөнүндө маалымат берилиши зарыл.