Бүгүн - мигранттардын эл аралык күнү белгиленип жатат. Мындан 15 жыл мурун, 18-декабрь - Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан мигранттардын эл аралык күнү деп жарыяланган. Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда тышкы эмгек миграциясынын көрсөткүчү 450-500 миң адам. Орусияда иштеген кыргыз жарандарынын саны 400 миңдин, ал эми Казакстанда эмгектенип жүргөн жарандарыбыздын саны 80 миңдин тегерегинде.
Калганы Түштүк Кореяда жана Европа өлкөлөрүндө эмгектенүүдө. 2000-жылдардан баштап эмгек миграциясы жылына 5-10 пайызга өсүүдө, анткени коңшу Казакстан менен Россиянын экономикалары тынымсыз өсүп, жумуш күчүнө муктаж болууда.
Бүгүн Бишкекте миграция жаатындагы серепчилер, бийлик өкүлдөрү жана бей өкмөт уюм мүчөлөрү кыргыз мигранттарынын абалын талкуулады. Ошондой эле, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин Кыргызстанга кошкон салымы жөнүндө жаңы китептин бет ачары болду.