“Дордой” базарына карай каттаган жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз тоскон жол коопсуздук кызматкерлери боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко билдирди.
Буга чейин жол сакчылары жүк тарткан унааларды жөнү жок токтотуп, текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат,- деген арыз укук коргоо органына түшүп, маселе өкмөттө дагы каралган. Күч кызматынын жетекчилери, министрлик чектен чыккан кызматкелерден арылуу максатында иштер жүрүп жатканын белгиледи.