Акыйкатчы ордуна талапкерлердин саны 35 болду
Новость

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна докумен тапшырган талапкерлердин саны 35 чейин көбөйгөнүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. 17-декабрда Жогорку Кеӊешинин Каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнө аталган кызмат ордуна 29 талапкерлерден документ келип түшкөнү кабарланган. Алардын тизмеси буга чейин жарыяланган. Ошол эле учурда, айрым талапкерлер Жогорку Кеӊештин фракцияларынын катчылыктарына да документ тапшырышканы айтылууда.

Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызмат ордуна талапкерлердин толук тизмеси:

1. Осмонов Камчыбек Эргешович
2. Момунов Мамат Аманович
3. Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич
4. Өмүралиева Калича Кусеиновна
5. Арабаев Чолпонкул Исаевич
6. Рысалиев Бакытбек Коржубаевич
7. Карыбекова Гүлзар Борисовна
8. Ташбулатов Акылбек Козуевич
9. Камчибекова Нуржамал Матисаковна
10. Өмүрзак уулу Замирбек
11. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич
12. Акеров Табылды Абдраимович
13. Осмоналиев Кайрат Медербекович
14. Исаков Толкунбек Маматович
15. Рахматулаев Камалдин Мамаюсупович
16. Мамасалиев Алишер Тургунбаевич
17. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович
18. Абдыкадыров Айтпай
19. РыскелдиевӨмүрбек Дүйшөнбаевич
20. Аалы кызы Назира
21. Карасартова Рита Рахмановна
22. Койчуманова Чолпон Урушбековна
23. Эржанова Тукен Жеембаевна
24. Балтабаев Абдивали Жакыпович
25. Нурдин Амакан (Мотуев)
26. Көлөпов Альберт Сексенбаевич
27. Тургуналиев Жыпаркул Тургуналиевич
28. Эралиев Замир
29. Абдирашитов Камил Абдирашитович
30. Сартаев Анвар Айдарович
31. Токтосунова Дамира Маданбековна
32. Үмөталиева Токтайым Жумаковна
33. Сатымбаев Абдибек
34. Мусабаев Алмазбек Шакирович
35. Шаршебаев Чингышбек Өмүрзакович 

Эскерте кетсек, буга чейинки акыйкатчы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин 25-июндагы жыйынында иш-аракети канааттандырарлык эмес деп, кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. 10-декабрь күнү парламент аталган кызматка шайлоо өткөрүп, бирок башкы укук коргоочуну тандай алган эмес. Эртеси Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына жаңы талапкерлерден документтерди кабыл ала баштаганын маалымдалган.