Эл акыны Эрнис Турсунов эскерилди
Новость

Жазуучу, котормочу, драматург Эрнис Турсуновдун 80 жылдыгын эскерүү кыргыз драма театрында өттү. Иш-чарага маркумдун үй- бүлөсү, жакын санаалаштары жана чыгармачыл чөйрө катышып, эскерүү эл акынынын өмүр таржымалын чагылдырган видеотасма менен башталды.

Анда, жогорку билимди Москвадагы Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган Эрнис Турсунов - адабият жана маданият тармагына зор салым кошкон инсан экени айтылды.

Ал мусулмандардын ыйык китеби “Куранды” жана христиандардын ыйык китеби “Инжилди” биринчилерден болуп кыргызчага которгон. Эрнис Турсунов 1934-жылы Фрунзе шаарында туулуп, 2014-жылы 79 жашында көз жумган.