Парламент Жогорку-Нарын ГЭС каскады менен Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-орус келишимдеринен мөөнөтүнөн мурда чыгууга байланыштуу мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду. Эске салсак, аталган макулдашууга эки өлкөнүн өкмөттөрү 2012-жылы кол коюшкан. Ага ылайык, ГЭСтердин курулушуна кеткен каражаттарды толугу менен орус тарап мойнуна алган. Ал эми курулуш аяктаган соң эки өлкө долбоордун 50 пайыздык акциясына ээ болмок.
Бул багыттагы иштер аткарылбай жаткандыктан, Кыргызстан бул келишимди денонсациялоого туура келүүдө.
Эске салсак, 2012-жылы Нарын районунун аймагында ГЭС каскаддарын биргелешип куруу боюнча Кыргызстан менен Орусиянын келишимине ылайык, Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2, Нарын-3 гидроэлектростанцияларын куруу макулдашылган. Андан соң энергетиктердин чакан шаарчасы салынып, ГЭСтердин плотиналарын куруу боюнча жумуштар аяктаган. Ал эми Нарын-1 ГЭСинин жумуштары 2014-жылдын октябрь айында башталган.
Белгилей кетсек, Жогорку Нарын ГЭСинин алгачкы бөлүгү 2016-жылы, Камбар-Ата ГЭСи 2023-жылы ишке киргизилүүгө тийиш болчу.