Дыйкан-фермерлерге бериле турган жеңилдетилген насыя февраль айынан баштап таратылат
Новость

Быйыл өкмөт тарабынан дыйкан-фермерлерге бериле турган жеңилдетилген насыя февраль айынан баштап таратыла баштайт. Бул боюнча Кыргыз өкмөтүнүн токтому даярдалды. Быйылкы жылы жеңилдетилген насыянын мөөнөтү эки-үч жылга узартылганын каржы министрлигинен маалымдашты. Каржы министрлигинин алдындагы экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик фондунун директору Канатбек Мадумаровдун айтымында быйылкы бериле турган жеңилдетилген насыяда чектөөлөр алынып салынган. Ошондой эле былтыркы жылы апрель, май айларында таратылса, быйыл январь айынын соңку күндөрү же февраль айынын башынан дыйкан-фермерлерге бериле баштайт.                                   Өкмөттүн токтомунда белгиленген мерчемдер  алкагында банк өзүнүн ички укуктук ченем актыларын иштеп чыгат. Бирок, быйылкы насыя берүү былтыркы жылдагыдан кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөнүн “Айыл банктын” насыялоо башкармалыгынын талдоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Шороков билдирди.                                                                                                                                         2015-жылы өлкө аймагындагы 9000 дыйкан-фермерлер өкмөттүн жеңилдетилген насыяларын алышкан. Жалпы берилген насыянын суммасы 3 миллиард 801 миллион сомго жеткен. Быйыл күнөскана, тамчылатып сугаруу, дыйканчылык, кайра иштетүү, мал чарба тармактарына бериле турганын банк адистерди белгилешет.