Ак-Суу районунун Түргөн текшерип өткөрүү пунктунан мыйзамсыз атылган ак илбирстин териси баш сөөгү менен кармалды. Бул ак илбирстин териси райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Милиция кызматкерлери билдиргендей кызыл китепке кирген ак илбирстин атылганы тууралуу маалымат 15-январь күнү түшкөн.
Мындан улам атайын топ түзүлүп, 1 суткадан кийин Теплоключенко айылынын тургуну Аскарбек Каранаев колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүүнүн айтымында ал караңгыда ак илбирсти карышкыр экен деп алмаштырып байкоосуздан атып алган.
Бирок милиция кызматкерлеринин билдирүүсүндө жагдай такыр башкача. Себеби ак илбирстин териси атайын сатуу максатында тоодон эле даярдалып, баш сөөгү менен бирге алынып келе жаткан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүүдө. Жаратылышка келтирилген зыян болжол менен 500 миң сомду түзөт.