Коомдук биринчи канал оор жоготууга учурады. Кечээ, эртең менен 58 жаш курагында оорудан улам, КТРКнын жогорку баскычтагы режиссеру, КТРКнын отличники, маданияттын мыкты кызматкери, КРнын президентинин ардак грамотасынын ээси Нураалы Турапов дүйнө салды.
Ал Коомдук телерадио корпорациясында 36 жылга чукул режиссерлук кызматта, кийин бир топ жыл бою КТРКнын башкы режиссеру болуп эмгектенген. Нуралы Турапов телеберүүнүн архивин бир нече спектаклдар менен толтуруп, ошондой эле айтылуу "Мыскыл жана тамаша" долбоорун обого алып чыккан.
Нуралы Турапов 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Орток айылында жарык дүйнөгө келген. Аталган айылдан орто мектепти бүткөндөн кийин, жогорку билимин Ташкент шаарындагы А. Островский атындагы театралдык институнун актердук факультетин бүтүргөн. Режиссердун сөөгү бүгүн туулуп өскөн жерине коюлат.
КТРКнын жалпы жамааты Нуралы Тураповдун үй бүлөсүнө жана жакындарына терең кайрыгуу менен көнүл айтат.