Президенттик балатыга 1000 ашык окуучу катышты
Новость

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда республиканын булун-бурчунан келген мектеп окуучуларынын катышуусундагы президенттик балаты болуп өттү. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан уюшулган бул салтанатка 8 - 14 жашка чейинки  1 миң 100 бала чакырылган. Аларга   оюн-зоок программасы тартууланып,  президенттин атынан атайын белектер ыйгарылды. Булардын ичинде мектепти жалан "5" окуган мыктылар, ата-энеси жок жана ден-соолугу жагынан мумкүнчулугу чектелген балдар, жергиликтүу турнирлердин жана олимпиадалык сынактардын жеңүүчүлөрү болушту. Жаңы жылдык балаты салтанатына президент Алмазбек Атамбаев баштан аяк катышып отуруп, соңунда  кичинекей меймандарга тарбиялык маанидеги кеп-кеңештерин айтты.