Каракол шаарындагы эки балдар үйүнө шаардык кеңештин депутаттары жаңы-жылдык майрамдык салтанат өткөрүштү.
Белгилей кетсек, бул мекемелерде 43 бала тарбияланып, мамлекет тарабынан толук камкордукка алынган. Депутаттар бул күнү балдар үчүн бир катар идеологиялык жактан тарбия берүүчү программалар менен келишкен.
Алар менен бирдикте оюн зооктор өткөрүлүп, бир күндүк жашоосу менен таанышышты. Эл өкүлдөрүнүн белгилөөсүндө шаардагы балдар үйлөрү ар бир майрам күндөрү унутта калбайт.