Майрам күндөрү коомдук транспорт адаттагыдай иштейт
Новость

 Жаңы жылдык майрам күндөрү ордо калаада коомдук транспорт кадимкидей эле иштейт. Шаардык мэриядан билдиргендей,  31 декабрдан 1 - январга караган түнү түнкү саат 12 кийин "Ала-Тоо" аянтынан муниципалдык чакан автобустар жана троллейбустар шаар тургундарын ташыйт.  Автобустук маршруттар Ала-Тоо аянтынан «Аламүдүн - 1», "Тынчтык", "Ала-Тоо" жаңы конуштары, "Ала-Тоо" дачасы, Асанбай, 110 квартал, 12  жана Тунгуч кичи  райондоруна каттайт.