Бүгүн Бишкекте Көчмөндөрдүн II оюну старт алат. Ага карата майрамдык салтанат уюштурулуп, оюнду өткөрүүнүн концепциясынын бет ачаары болот. Концепцияда көчмөндөрдүн салттуу жана кылымдардан бери келе жаткан маданиятын чагылдыруу негизги максат экени жазылган.
Эскерте кетсек, көчмөндөр оюну глобалдашуу доорунда ата-бабалардан мураска калган улуттук идеологиялардын чыйырын улоо, көчмөндөр турмушун келечек муундарга жеткирүү үчүн уюштурулган. Оюнда көпчүлүктүн кызыгын арттырган от менен ат жалында ойногон чабандестер, белгилүү эстрада ырчылары, фольклордук жана бий ансамблдары өз өнөрлөрүн тартуулашат. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун” өткөрүү демилгеси президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлгөн. Бул долбоорду түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши кубаттап, колдоого алган.
Кыргызстан 2014-жылдын 9 - 14-сентябрга чейин көл жээгинде көчмөндөр оюнун татыктуу өткөрдү. Көчмөн элдердин өзгөчө, бай маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле кыргызстандыктардын патриоттук рухун көтөрүү максатында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча жаңы багыт ачылды. Бул оюн-зоок дүйнөнүн көптөгөн көрүүчүлөрүн көңүлүн өзүнө бурду. Турнирге бардыгы болуп дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн 22 курама команда жана 430дан ашык спортсмен катышты. Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий иш-чараларын дүйнөдөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынан келген 250дөн ашык журналист чагылдырган. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү 2016-жылга пландалган.