2020-жылдан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим жигердүү иштеп жатат. Аталган келишимдин негизинде, бүгүнкү күнгө чейин түрк тараптан кыргыз жарандары боюнча 352 иш стажы тууралуу суроо-талап жөнөтүлүп, алардын ичинен 350 суроо-талап иштелип чыгып, тиешелүү жооптор кайтарылган.
Эң маанилүүсү, бул келишимдин алкагында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын 1 жаранына пенсия чектеген. Чектелген пенсиянын өлчөмү 490 түрк лирасын түзөт.
Бул мисал аталган эл аралык келишим иш жүзүндө натыйжа берип жатканын тастыктайт жана чет өлкөдө эмгектенген жарандарыбыз үчүн маанилүү социалдык кепилдиктерди камсыз кылууда олуттуу кадам болуп саналат.