Жаңылыктар
Кочкор районунда 43 миллион сомдук төрт долбоор ишке ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кочкор районунда 43 миллион сомдук төрт долбоор ишке ашты

Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө жалпы суммасы 43 миллион сомду түзгөн төрт ири долбоор ишке ашырылды. Бул иштер "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен аткарылып, анын 5 миллион сому айыл өкмөтүнүн өздүк салымы болду.

Айыл өкмөт башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, айыл өкмөт тарабынан фондко жазылган төрт долбоор толугу менен колдоого алынып, 38 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражатка айыл чарбасына керектүү эки эгин комбайны, бир экскаватор сатып алынды. Ошондой эле, 1 чакырым 100 метр аралыктагы айылдын ички жолун асфальттоо иштери башталганы турат.

Жаңы алынган техникалардын ачкычтарын Кочкор районунун акими Алтынбек Эргешов өз колу менен тапшырды. Анын айтымында, мындай долбоорлордун ишке ашуусуна өлкө башчысынын түздөн-түз колдоосу бар.

"Кумтөр" кенинен бир пайыздык үлүш — мамлекет башчысынын тапшырмасы менен "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондуна которулууда. Натыйжада, бул каражаттар менен Нарын облусунда бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашууда," — деди Алтынбек Эргешов.

Аталган долбоорлор айылдагы инфраструктураны жакшыртып, жергиликтүү элдин жашоосуна түздөн-түз оң таасир тийгизет деп күтүлүүдө.