Кыргыз жараны болууну каалаган чет элдиктерден 10 миң доллар талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында жарандык алуу тармагындагы коррупциялык схема аныкталды. Тактап айтканда, "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери жана ортомчу жарандар чет өлкөлүк жарандардан мыйзамсыз акча талап кылган деп шек саналууда.
Маалыматка ылайык, төрт жаран чет өлкөлүк жарандар менен алдын ала сүйлөшүп, аларга жарандыгын алуу боюнча «жардам көрсөтүүнү» убада кылышкан. Бул кызмат үчүн алар 10 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылышкан.
УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам чаралардын натыйжасында шектүүлөр 10 миң доллар акчаны которуу учурда кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине өткөрүлүп берилди.
Азыркы тапта кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча тергөө иштери улантылууда.