Бүгүн, 20-май күнү, Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Буденов айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсык тууралуу кабар саат 16:10до түшүп, дароо эле №27-өрт-куткаруу бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылган.
Саат 16:19да кошумча дагы бир бөлүм тартылып, жалпы эки бөлүм өрттү өчүрүү жана анын турак жайга өтүп кетүү коркунучун алдын алуу үчүн иш алып барышууда.
Кошумча маалымат берилет