Жашоодогу оор сыноолорду жеңген чемпион
Жашоосунда бардык кыйынчылыктарды жеңип өткөн камерундук спортчунун окуясы.
2016-жыл
2016-жыл Рио олимпиадасы. Оор атлетиканын "Б" тайпасы көрөрмандар арасында анча популярдуу эмес. Эртең мененки убакыт, көрүүчүлөр отурган орундуктардын жарымынан көбү бош турат. Бул жердеги спортчулар бир наамга жетүү үчүн эмес, өзүн жеңүү, алардын колунан да бир нерсе келээрин далилдеш үчүн катышат. Ар кайсы өлкөдөн келген спортчулар. Алардын арасында башкалардан айырмаланып турган бир спортчу жүрөт. Ал өзү камерундук болгону менен австралиянын атынан чыгат. Анын ысымы Рибум Симплис. Эки дисциплинадан тайпада 4-жыйынтыкты көрсөтүү менен башын жогору көтөрүп журналистерди көздөй баратат. Аларга тактика, машыгуу, атаандаштар жана тизесиндеги жаракаты жөнүндө айтып берет.Айтор, спортчу ушул абалда кандай сүйлөсө, дал ошол сөздөр. Бир журналист суроо берип жатат "Симплис, сиз башыңыздан көп кыйынчылыктарды өткөргөнсүз,ал эми азыр сизге жаңы, жаркын жашоо келгенин сезип жатасызбы? Рибум бир азга ойлонуп туруп калды да, бизди, кайра өйдө жакты карап, ыйлап жиберди.
Эми бул окуяны башынан айтып берели. Симплис кедей үй бүлөдө төрөлүп, балалыгы кыйынчылыктар менен өткөн. Ал кичинекей кезинен эле атасына жардам кылып, ар кандай жумуштарды жасаган. Бир күнү кофеге толгон чоң каптарды ташыса,башка күнү жер жемиштерди чогултуп, чоң кишилердей эле жумуш кылган. Анын жанындагы достору оор жумуштардын айынан кыйналып, чыдабай калса, Рибум тескерисинче чыйралып, күчкө толгон. Мына ушундай темп менен жаш баланын денеси чымыр болуп, өсө баштаган. Ал кечкисин чоң балдар менен машыгуу залына бара баштайт. Залдан сүйүүчүлөр арасында мелдештерге катышат. Камерунда профессионалдар менен сүйүүчүлөрдүн айырмасы өтө деле алыс болбогондуктан, таланттуу балдарды улуттук курамга башка шаардын спортчулары менен жарышууга чакырышат. Симплис тандоо турунан оңой эле өтүп, жыйынтыгында улуттук курама командага кабыл алынат. Ал жакта да өзүн жакшы көрсөтөт. Бир аз убакыт өткөн соң, Австралияга Тилектештик Оюндарына бармак болот. Өлкөдөн чыгарга чейин спортчуларга атайын кызматтагылар : Биз силердин оюңарда эмне бар экенин жакшы билебиз, андыктан ал оюңардан алыс болгула деп эскертет. Бирок бул сөздөн Симплис корккон эмес. Анткени ал бир нерсени жакшы билчү, өз жеринде жогорку деңгээлге жетип, спортчу катары өсө албастыгын. Ага Дуала шаарынан башка дүйнөнүн бардык жери жакшыраак көрүнчү. Спортчуну токтотуп, бир гана кармаган нерсе бул- анын ата-энеси эле. Бирок өлкөдөн учуп кетээрге чейин Симплистин атасы жанына келип, "бул жерден кет, мүмкүнчүлүгүңдү колуңан чыгарба, жүрөгүңдү ук,"- деп кеңеш берет.
Ошентип 2006- жылы Австралиядан Симплис Рибум коло байге жеңип алат. Уткан медалын жанына алып жүрбөй, мейманканага таштайт. Себеби башкалар көрүп, ууру катары кабыл албасын деп коркот. Улуттук курама командадагы жакындары менен коштошуп, эч кандай планы жок көчөгө чыгып кетет. Миллион адамдан көп жашаган Мельбрун шаарында жашырынып жүрүү оңой эле болсо да, Симплис коркуп, эч кандай уюмга кайрылган жок. Анын жашаган жери шаардагы парктардын бири болду. Коло байгенин ээси ошол жерде 10 күн жашады.
Симплис ошол учурдагы сезимдер боюнча мындай деген: "Мен чыныгы селсаяк болуп калдым. Кийимим кир, курсагым ачка болчу. Элдер бир аз акча берип жатты, бирок мени менен сүйлөшкөн адам болгон жок. Мен дагы унчукпай жата бердим. Англис тилин да таптакыр билчү эмесмин".
Күн бир аз суук , кеч кирип калган эле. Симплиске бир бейтааныш жигит келип сүйлөшүүгө аракет кылат. Бактыга жараша ал француз тилин түшүнөт экен. Эртеси күнү Симплисти ошол жигит алып кетти, спортчун курсагы тоюп, жуунуп, жылуу жерде уктады. Анан Симплис ким экенин, каяктан келгенин шашпай айтып берди. Дароо эле документтерди тууралоо аракети башталды.
Туура эки жылдан кийин Симплис австралиянын жарандыгын алды. Андан бир жыл өтүп, Океания оюндарында жаңы өлкөсүнө алтын байге утуп келди. Ата-энеси менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк табылары менен, алардан кабар алып, акча жөнөтө баштайт. Баласы Камерундан качып кеткендиктен, Симплистин үйүнө атайын кызматтагылар келип-кетип, ар кандай суроолорду беришет. Ал учурда спортчу үчүн ата-энесине баруу өтө кооптуу эле. Ошондуктан ал жакындарын Австралияга алып келүүнү каалаган. Бирок атасынын ден соолугу начарлап, өлкөдөн чыгууга да чамасы болбой, үйүн да таштап кете алган эмес. Атасы Симплиске: сен жашсың, келечегиң алдыда, аракетиңди кыла бер, биз болсо бул жакта калабыз"-деп телефон аркылуу айтат. 2015-жылы атасы жарык дүйнө менен кош айтышат. Муну уккан Симплис өзүн кармай албай, жан дүйнөсү жарылып кетейин дейт. Симплис коркууну да унутуп, атасын топуракка берүү үчүн Азия аркылуу өзү өскөн Дуала шаарына барат. Ошол учурда спортчунун Австралияда үйү, жубайы жана эки баласы бар болчу. Ал Австралия улуттук курама командасы менен биргеликте Рио 2016 олимпиадасына даярданып жаткан эле. Атасын топуракка берүү Симплис үчүн бир гана моралдык жактан эмес, физикалык жактан да оор болду. Ага камерундун бийлиги тийишкен жок. Бирок спортчу ысык климаттагы өз өлкөсүнөн безгек оорусун жуктуруп алат. Оору спортчуну Дуаладан эле кыйнап, тезинен ооруканага жатышы керек болот. Өзү өскөн шаардын ооруканасына жатуу, өтө кооптуу эле. 32 жаштагы Симплис бир канча жыл мурун бул жерден качып кетип, кайра келгенге мажбур болду. Ал жаткан жердин шарты өтө начар, ооругандар көп болчу. Ал Австралияга кетүүнү каалаган, бирок мындай абалда Симплисти бир дагы авиакомпания кабыл алмак эмес. Ооруканада эки жума жатып, 94 килограм болгон спортчу, 20 килограмга арыктап 74 болуп калды. Анын температурасы көтөрүлүп, кыймылдаганга алы келбей калган эле. Ошентип оорудан араң айыгып, Симплис Австралияга кайтып келет. Келсе өзүнүн жубайы эптеп тааныйт. Ал эми анын машыктыруучулары көрүп эле, Симплистин ордуна башка спортчуну издеп башташат. Анткени Рио олимпиадасына жарым жыл калган болчу.
Симплис койгон максатына жетүү үчүн аракетин улантты. Башынан кандай кыйынчылыктар, оор күндөр өтсө да ал тизесин бүгүп отуруп калган жок. Машыгууларга кайтып, өжөрлүк жана ишеним менен жоготкон салмагын кайра алып, болгон аракетин жумшап олимпиадалык тандоо турунан өтүп кетет. Риодон 1-көнүгүүдө 155, 2-де 185 кг көтөрүү менен Симплис Рибум 13-орунга жайгашат.
Ошол учурда көз жашын кармай албай буруксуп ыйлап жиберет. Ал ыйлап жатканда баардыгы тең түшүнүп турду, бул көз жаштар көрсөткөн жыйынтык үчүн эмес экенин. Албетте ал олимпиада чемпион болгон жок. Бирок жашоодо аны чыныгы чемпион десек жаңылышпайбыз. Ыйлаба, Симплис, сен жеңдиң!



Рио 2016-жыл
Калыбек уулу Эмилбек

ktrk.kg
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website