Жаңылыктар
УКМК: чек арачы пара берүү учурунда кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: чек арачы пара берүү учурунда кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК кызматкерине берип жаткан учурунда Мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара тозотунун башчысы кармалды. 

Кармалган жаран коңшу өлкөлөрдөн келген аткезчилик жүктөрдү өткөрмө жайдан мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган. Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.