Жаңылыктар
Бүгүн, "Сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүүнүн" эл аралык күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн, "Сексуалдык зомбулукка каршы күрөшүүнүн" эл аралык күнү

19-июнда согуш же чыр-чатак учурундагы сексуалдык зомбулук менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул күн БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 2015-жылы ар кандай жаңжал, чыр-чатак учурунда сексуалдык зомбулукка кабылгандардын көйгөйлөрүнө жеткиликтүү көңүл буруу жана аны алдын алуу максатында кабыл алынган.

Тилекке каршы, 21-кылымда да коомдун алсыз катмары - аялдар менен өспүрүм кыздар мындай зомбулуктун курмандыгы болуп келе жатат. Өзгөчө согуш учурунда карапайым калкка карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү көп катталат. БУУнун статистикасына ылайык, Чыгыш Африкадагы Руанда Республикасындагы 1994-жылдагы 3 айга созулган геноцид учурунда сексуалдык зордук-зомбулук көргөн аялдардын саны 250 миңге чейин жеткен. Конго Демократиялык Республикасында 1998-2002-жылдардагы 2-Конго согушунда 200 миң аял жана балдар зомбулукка кабылган. Мындай көрсөткүчтөр согуш болгон көп мамлекеттерде катталат. Либериядагы баш-аламандыкта 40 миң аял, мурдагы Югославияда 60 миң аял зордуктоого дуушар болгон деген маалыматтар бар.  Кыргызстанда да зордук-зомбулук маселеси курч маселелердин бири. Дүйнө коомчулугу адам укугунун одоно бузулушуна көңүл буруусу керек дешет адистер.  Укук бузгандарды жазалап, жабырлануучуларга жардам берүү зарыл. Бул демилге өтө глобалдуу жана ушу тапта мындай курмандыктарды куткарып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле Кыргызстанда дагы жаш балдарга, аялдарга карата жыныстык зомбулук боюнча катталган фактылар көп. Ар бир  жаран зомбулукка каршы күрөшсөк көйгөдү жеңүүгө болот. Коркуу сезими зомбулукка жол ачат. Муну менен ар бир адам күрөшүп, коркпой, сүйүү менен жашаса зомбулук болмок эмес

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров, июнь айынын башында  парламенттин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда өткөн жылы үймө-үй кыдырып текшерүүдө 10-12 жаштагы кыздарга карата сексуалдык зомбулуктун 27 учуру аныкталганын билдирген. Аталган фактылар эч жерде катталбаган. Ал эми расмий маалымат боюнча 2020-жылдын төрт айында эле балдарга карата 44 зомбулук (кол көтөрүү), 24 зордуктоо, 12 психологиялык зомбулук фактылары катталган. Кочкоровдун айтымында, мындай окуялар адистердин жетишсиздигинен жана мониторинг кызматынын жоктугунан орун алууда. Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял физикалык жана сексуалдык зомбулукка дуушар болот.  

Милиция сексуалдык жана гендердик зомбулук боюнча иштерди тергей турган биринчи инстанция болуп эсептелет, жана курмандык менен сот адилеттигинин ортосундагы байланышты орнотуудагы, ошондой эле, тирүү калган курмандыктардын жыргалчылыгына жана айыгып кетүүсүнө көмөк көрсөтүүдөгү негизги ролду ойнойт. 2017-жылы БУУнун Сеулдагы саясий борбору Түштүк Корея менен өнөктөш-өлкөлөр ортосунда чечимдерди иштеп чыгуу жана билимдер менен алмашуу боюнча Ѳнөктөштүктү киргизди, ошондой эле, сексуалдык жана геендердик зордуктун курмандыктарын суроо боюнча Көрсөтмөнү сунуш кылды.

Ушул Көрсөтмө бүгүнкү күндө Албанияда, Индонезияда, Казахстанда, Сенегалда, Зимбабведе жана Кыргызстанда жайылтылууда. Кыргызстанда ушул инструмент саясатчылар, сексуалдык жана гендердик зомбулук боюнча эксперттердин жана БУУнун ортосунда үч тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүү максатында 2019-жылыбилимдер менен алмашуу иш-чаралары аркылуу киргизилген.