"Манас" эл аралык аэропортунда иштелип чыккан алгоритм боюнча Пакистандан келген мекендештерди тиешелүү тармактардын өкүлдөрү тосуп алды. Бул ирет Кыргызстандык 100 жаран Исламабад - Бишкек - Исламабад каттамы боюнча учуп келишти.
Кыргызстандын жарандарын алып келген Пакистандын учагы кайра өз жарандарын алып кетет. Ал эми учуу тилкесинен тиешелүү адистер жүргүнчүлөрдү санитардык-эпидемиологиялык талапка ылайык тосуп алды.
Борттогу жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип, оорунун белгилери катталган жок. Пакистанга барган жүздөгөн мекендешибиз коронавирус пандемиясынан улдам, чек аралар жабылып, аба каттамдары токтогондон бери мекенине келе албай калышкан. Алар 2-3 айлап жол күтүштү. Чет өлкөдөн мекенине келе албай жаткан жарандарды Кыргызстанга алып келүү Президенттин тапшырмасынын негизинде эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу ишке ашууда.
Учактан түшкөн жүргүнчүлөр дароо обсервацияга алынды. Ал жактан тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн өтүшөт.
Кыргызстанда билим алган Пакистандык студенттер мекенине кетүүгө ашыгып жатат. Алар аэропорттун босогосун аттаганда тоннелден дезинфекцияланып, тепловизордон дене табы текшерилди.
Конгон учак залалсыздандырылып, мекендештерин салып мекенине сапар алды. Кыргызстанда болсо жарандарын алып келүү жумушу уланууда.