Бүгүндөн тарта калаа тургундары коронавирус боюнча телефондон ыкчам түрдө медициналык кеңеш ала алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Эгер шаар тургундарынын бири өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап калса, Саламаттык сактоо министрлигинин 118 ыкчам байланыш номерине чалса болот. "Дарыгерлер чалган адам өзүн кандай сезип жатканын телефон аркылуу такташат. Андан соң адистер тарабынан иштелип чыккан атайын анкетаны толтурушат", — деп айтылат билдирүүдө. Ыкчам телефон номерге белгилүү себептер менен гана чалууга мүмкүн.