Жаңылыктар
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо-шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар-жогун толугу менен көрүүгө болот. 

Электрондоштуруу тутумуна ылайык, арыз ээлери ар кайсы мекемеге барып документ толтурбайт. Социалдык кызматкерлер арыз ээси тууралуу маалыматты базадан карап билип алышат. Аталган программа Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, "Инфоком" компаниясы тарабынан иштелип чыккан.