Жаңылыктар
Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Азиз Батукаевди эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө. 

Анын алкагында, Коргоо кеңешинин экс-катчысы Табалдиев Бусурманкул Беркутовичтин кайда экендиги такталбагандыгына байланыштуу, ага издөө жарыяланды.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.