Жаңылыктар
Быйыл ажылыкка баруучулар үчүн орун көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл ажылыкка баруучулар үчүн орун көбөйдү

Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка баруу үчүн кыргызстандыктарга 6010 орун бөлдү. Бул былтыркыдан 500гө көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдиргендей, алгачкы топ 16-июлда, акыркы топ 1-августта жөнөйт. Жалпысынан Бишкектен жана Оштон 18 авиакаттам болот.

Кыргызстандык зыяратчыларга бирдей кийимдин үлгүсү февралда тандалган. Анын баасы 1500 сом деп чечилген. Ажылыкка аттангандар эмдөөдөн өтүп, даярдыктар уланып жатат.

Былтыр Кыргызстанга ажылык үчүн 5485 квота бөлүнүп, зыяраттын баасы бир кишиге 2890 долларды түзгөн.