Жаңылыктар
Ошто ишкер болом деген жаштар окуудан өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто ишкер болом деген жаштар окуудан өттү

Ошто ”Жаш ишкерлерди окутуу” курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Окуу ишкердикти колдоо борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Биринчи ирет уюшулган семинарга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан тандалып алынган 30 ишкер катышкан. Аларга, бизнес чөйрөсүндө тажырыйбасы мол, ишкерлер тренинг-сабактарды өткөн. Уюуштуруучулардын пикиринде, бизнеске келген жаран ар убак изденүүнүн үстүндө болушу шарт. Анткени, ишкерлик билимдүүлүктү талап кылат. 20 күнгө созулган окуу негизги төрт багытты камтыган. Катышууну каалаган ишкерлердин көптүгүнөн улам, окуунун экинчи этабын Баткенде улантуу мерчемделүүдө. 

Аталган борбор аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 2017-жылы ишке кирген. Максаты өлкөнүн улуттук стратегиясынын алкагында аймактагы ишкерчиликти колдоо. Маалымат бере кетсек, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн баштайм же, кеңейтем деген жарандарга мамлекет тарабынан зарыл болгон шарттын баары каралган. Үстөк пайызы төмөндөтүлгөн насыялар, жеңилдиктер жетиштүү деңгээлде.