Жаңылыктар
Талас аймагында жол оңдоо иштери 50% аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас аймагында жол оңдоо иштери 50% аткарылды

Ушул тапта быйылкы жылга мерчемделген Талас аймагындагы жолдорду оңдоо иши 50% аткарылды. Маселен Талас шаары менен Көк-Ой айылын бириктирген жолго асфальт төшөө иши учурда кызуу жүрүп жатат.

Бул жер Талас шаары менен Көк-Ой айылынын ортосун байланыштарган негизги жол. Каттам 1980-жылы пайдаланууга берилгендиктен, жолдун абалы акыркы жылдары өтө эле оор абалга келип калган. Эми минтип жергиликтүү элдин көптөн күткөн мүдөөсү аткарылып, 1 чакырым 800 метр аралыктагы жолго жаңы асфальт төшөө иши колго алынды.

Жолчулар Суусамыр-Талас-Тараз жолунда да тынымсыз иш жасоодо. Өтмөк ашуусундагы тилкеде 3 чакырым ашуун аралыкка асфальт төшөлдү. Ал үчүн 16 миллион сом каражат жумшалган.

Эске салсак буга чейин Суусамыр-Талас-Тараз жолунун Чат-Базар айылынан Талас шаарына чейинки аралыгы 3-фазанын алкагында оңдолуп бүткөн. Эми аталган жолдун Талас шаарынан кыргыз-казак чек арасына чейинки аралыгында оңдоо иштери пландалууда.