Коррупция менен күрөштөн келип түшкөн каражаттарга курулуучу орто мектептердин катарында Оштогу №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиясынын кошумча окуу корпусу да бар. 500 окуучуга ылайыкташкан жай курулса буга чейин үч нөөмөт менен окуп келген билим мекемесинин муктаждыгы жоюлары айтылууда.
Азербайжан элинин драматург жазуучусу Кербалаи Наримановдун ысымын алып жүргөн №7 мектеп гиманизиясы- шаардагы эл жыш жайгашкан Манас-Ата аймагындагы жападан жалгыз орус тилдүү мекеме. 1176 окуучуга ылайыкташкан мектептин имараты 1981-жылы пайдаланууга берилген. Быйылкы окуу жылын 3,5 миңдей бала аяктаган. Окуу- үч нөөмөттө жүргөн.
Орун тартыштыгы -башталгыч класстарда басымдуу. 1 миң 700дөй жеткинчек үчүн 40 класстык комплект түзүү муктаждыгы жаралган. Абалдан чыгууда усулкана, китепканалар кыскартылган.
Өз кесибинин мыктысы- Лариса Ивановна, 43 жылдан бери орус тили, адабиятынан сабак берет. Агартуучу, шарт болбой туруп, сапат жаратуу мүмкүн эместигин айтат.
Мектеп көйгөйү менен жергиликтүү бийлик 5 жылдан бери кабардар. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен , былтыр кошумча эки класстык каана куруп берген. Ал дагы муктаждыкты толук жаба алган эмес.
Эми мугалимдердин көздөгөнү быйыл чечилгени калды. Мектептин жанына 500 окуучуга ылайыкташкан кошумча окуу корпусу түшөт. Жай- коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттын эсебинен курулмай болууда.