Ош-Керме-Тоо - Айланма жол көчөсүнө биринчи жолу асфальт төшөлдү. Жолду Кара-Суу райондук Жол тейлөө башкармалыгы оңдоп жатат.
Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 5 чакырымды түзөт. Мунун 3 чакырымына асфальт төшөлдү. Азыр, жол жээктери иретке келтирилүүдө.
Асфальт төшөө ишин Кара-Суу райондук №45 жол тейлөө ишканасы жүргүзгөн. Жол оңдоого республикалык бюджеттен 4 млн. 800 миң сом каражат бөлүнгөн.
Муну менен айыл болуп түптөлгөнү чаң жуткан Керме-Тоолуктардын көйгөйү чечилди. Аймакка таандык дагы 2 чакырым жолго асфальт төшөө муктаждыгы бар.
Жол- эл аралык талапка жооп бере алчудай сапаттуу курулуп жатканына адистер ишендирет. Эми 10 жылдык кепилдиги менен пайдаланууга берилет. Аталган ишкана быйылкы жылга 5 чакырым жолго асфальт төшөөнү мерчемдеген. Карамагында 300 чакырымдан ашуун жол тилкеси бар.