Жаңылыктар
Аптаптуу ысыкта кыргызстандыктар эмне менен алек?
Кыргызстан жаңылыктары
Аптаптуу ысыкта кыргызстандыктар эмне менен алек?

Синоптиктердин билдиргенине таянсак, июль айынын аягына чейин аптаптуу ысык сакталып турмакчы. Мындай жагдайда дарыгерлер суюктукту көбүрөөк ичип, колдон келсе күндүз сыртка чыкпоону сунушташууда.

Жайдын чок ортосу болгон ушул саратанда Бишкекте 40 градуска чейинки ысык аптап сакталууда. Күн ысыгандан улам шаардыктар кантип сергиштин түрлүү жолдорун издегенге аргасыз. Мисалы, фонтандарга түшүүгө тыюу салынганына карабастан, балдар аларга дале жуунуп жатышат.

Борбор калаадагы бассейндерде да кишинин саны арбын. Көбүнесе чак түштөн кийин сууга түшүүнү каалагандардын саны көбөйүп баштайт. Бассейндин баасы саатына жараша чоңдорго 150, балдарга 120 сом, пенсионерлерге да жеңилдиктер каралган.

Мындай жайдын ысык аптабы 20-июлга чейин сакталып турат. Өлкө аймагы боюнча бир жуманын божомолуна ылайык, бул күндөрү кээ бир аймактарда 38 градуска чейин жетет.

Ал ортодо дарыгерлер адамдарды күндүн ысыгынан сактанууга чакырат. Айрыкча көчөдө жүргөн убакытты азайтуу кажет. Температуранын өзгөрүшү жүрөк оорулары менен жабыркагандарга, кан басымы жогору адамдарга терс таасирин тийгизет. 

Ошондой эле, адистер күнүгө суюктукту колдон келсе 2-3 литрге чейин ичүүнү сунушташат.