Жаңылыктар
Коомдук транспорттун ишине карата даттануулар кабыл алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук транспорттун ишине карата даттануулар кабыл алынат

Бишкек мэриясы шаардагы коомдук транспорттун каттамы — кичиавтобустар, троллейбус жана автобустардын иштөөсү боюнча кайда даттанса болорун билдирди. Байланышуу телефондору:

0 (555) 33-00-31 — троллейбустардын иштөөсү боюнча WhatsApp аркылуу кайрылса болот; 0 (312) 53-36-48 — кичи автобустардын иштөөсү боюнча; 0 (312) 53-48-24, 53-18-17 — автобустардын иштөөсү боюнча. 

Андан сырткары, калаа тургундары өздөрүнүн сунуш-пикирлерин 1840 жана 1850 номерлери аркылуу калтырса болот. Ошондой эле, көйгөйдүн сүрөттөрү менен видеолорун 0 (554) 18-21-85 номери аркылуу WhatsApp менен жиберсе да болот.