Чет өлкөдө ойногон футболчулардын курамага кошулушу 2014-жылы Мирлан Айталы Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясына ишке чакырылат. Ал жумушка кирээри менен аталган Федерациянын расмий фейсбук баракчасына келген каттарды карап чыгат. 2010-жылы Эдгар Бернхардт жазган катка көзү үңүлүп, ал тууралуу маалымат издей баштайт. Катта, "Мен Кыргызстанда төрөлгөм. Учурда Польша чемпионатынын жогорку лигасындагы «Краковия» клубунда ойнойм. Кыргызстан курамасы үчүн ойносом болобу? Негизи эле бул нерсе мүмкүнбү"? деген билдирүү жазылган. Мирлан Айталы бул сунушту дароо Федерация жетекчилигине кабарлап, колдоо табат. Бул 2014-жылдын ноябрь айында болгон. Эдгар Бернхардт тууралуу видеолор интернетте көп болгондуктан, аларды Крестинин бир көрүп, курамага кошууга макул болот. Федерация өкүлдөрү оюнчу менен байланышып, Кыргыз курамасынын Таиландда өткөн жолдоштук беттешине чакырышат. Оюндан соң Крестинин Эдгарга ыраазы болуп, ал башкы курамдын оюнчусуна айланат. |