Алгачкы жасаган көрсөтүүм азыркыга чейин эсимден кетпейт. Ал убакытта ченеми он тогузунчу болгон ичке пленка, слайд, кара жана ак түстөгү фото болуп эле эфирге чыкчубуз. Аны да ченеп берет. Фучик көчөсүндөгү Фрунзе заводу бар болчу, айыл чарба унааларын чыгарган. Ошол жерге барып репортаж даярдап келгиле деп калды. Ал жакты тартып келдик. Монтаж бүтүп, жазуу иштери калган эле. Радиого көнүп калган жаным тексти бат окуп, кадрлардан ашып кетип, техника жөнүндө айтып жатсам кишилер көрүнүп, кишилер тууралуу айтканда техника көрүнүп, режиссер Замира Тыналиева болсо ашып кеткен жерлерден токтотуп кайра окутуп, кыскасы кара терге түштүм. Акырында мага, азыр дагы бир жолу жазабыз, болбосо кечинде эфирге түз чыгасың дешти. Бул сөздү укканда эки эсе тердеп чыктым. Эптеп отуруп ишти аягына чыгардык, бирок 3 мүнөт эрте бүтүп калды. Ал кезде 3 эмес жарым мүнөт эрте бүткөнү үчүн эскертүү берилчү же сөгүш аласың. Анткени азыркыдай ролик, анонс деген түшүнүк жок. Азыркыдай жарнамалык роликтер да жок. Бир көрсөтүү бүтүп экинчисине өтөөрдө, тоонун сүрөтүн коюп эле кийинкисине өтүп кете берчү. Айтор, телевидениеге жасаган биринчи материалым азыркыга чейин эстен кетпейт.